Брюссель бул жылы күн жүзүн көргөн жок
Бельгиянын борбору Брюсселде бул жылы күн 28 саат 4 мүнөт гана жүзүн көрсөттү.

Бельгиянын борбору Брюсселде бул жылы күн 28 саат 4 мүнөт гана жүзүн көрсөттү.
Метеорология кызматынын берген маалыматына караганда булуттуу жана жаан - чачындуу аба ырайы менен белгилүү болгон Брюсселде 2023 - жылдын башынан бери күн 28 саат 4 мүнөт көрүндү.
Божомолдорго караганда, январь айынын калган күндөрүндө аба ырайы дээрлик булуттуу болот.
Адистер бүркөк аба ырайынан келип чыккан психикалык көйгөйлөргө каршы түрдүү сунуштарды айтышууда.
Булардын арасында спорт менен алектенүү, биологиялык ритмди сактоо үчүн эртең менен эрте туруу жана жумуштан тышкары ырахат алган хоббилери менен алектенүү алдыңкы орунда турат.
Тектеш кабарлар
Путин Эрдоганга телефон аркылуу көңүл айтты
Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.