Песков: «Батыш өлкөлөрүндө тынчсыздануулар тынымсыз көбөйүүдө»
Орусиянын Президенттик сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков баш калаа Москвада батыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө Германиянын Украинага мүмкүн болгон танк жөнөтүүлөрүн баалады.

Орусиянын Президенттик сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак ташыган өлкөлөр бул үчүн жооптуу болоорун билдирип: «Варшава менен катар Европа өлкөлөрү Берлинди эл аралык обочолонтуу менен коркутууда. Мунун баары альянстын мүчөлөрүнүн ортосундагы тынчсыздануу тынымсыз күчөп жана өсүп жатканын көрсөтүп турат»,-деди.
Песков баш калаа Москвада батыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө Германиянын Украинага мүмкүн болгон танк жөнөтүүлөрүн баалады.
Күн тартибиндеги мүмкүн болгон танка жөнөтүү үчүн Европадагы өлкөлөрдүн бири-бирин айыптай баштаганына көңүл бурган Песков: «Варшава менен катар Европа өлкөлөрү Берлинди эл аралык обочолонтуу менен коркутууда. Мунун баары альянстын мүчөлөрүнүн ортосундагы тынчсыздануу тынымсыз күчөп жана өсүп жатканын көрсөтүп турат»,-деп айтты.
Батыш өлкөлөрүнүн Украинага курал-жарак жеткирүүдөн жооптуу экенин белгилеген Песков: «Украинанын технологиялык деңгээлин көтөрүшүнө жана курал-жарактардын өткөрүлүшүнө түздөн-түз же кыйыр түрдө байланышы бар бардык өлкөлөр бул кырдаалга жооптуу»,-деди.
Дмитрий Песков, курал-жарак жеткирүү Украинага зыян келтиргенин белгилеп: «Негизги маселе, бул аракеттердин жана оозеки колдоо дегендердин чыгымын украин эли көтөрүп жаткан болушу»,-деп айтты.