Орусиянын Украинадагы чабуулдары

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада билдирүү жасады.

1936782
Орусиянын Украинадагы чабуулдары

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинанын Донецк облусундагы Краснопилля конушунун орус аскерлери тарабынан көзөмөлгө алынганын билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада, Орусия-Украина согушундагы орус армиясынын чабуулдарына байланыштуу билдирүү жасады.

Украинадагы кагылышуулардын уланып жатканын белгилеген Конашенков: «Чабуулчу бөлүктөрдөгү ыктыярчылар, Орусиянын Түштүк аскер округунун Донецк багытындагы оперативдүү-тактикалык аба, ракеталык жана артиллериялык бөлүктөрүнүн колдоосу менен Донецк элдик республикасынын Краснопилля конушун бошотушту»,- деди.

Конашенков ошондой эле: «Бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 376 учак, 203 тик учак, 2 миң 934 учкучсуз учуучу аппарат, 401 абадан коргонуу ракеталык системасы, 7 миң 607 танк жана бронетехника, 987 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 893 гаубицалар жана минометтор, 8 миң 153 жеке аскердик унаа жок кылынды»,-деп кабарлады.



Тектеш кабарлар