Орусия Эстониянын элчисинен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды

Эстониянын Москвадагы элчиси Лайдренин министрликке чакыртылганы айтылды.

1936655
Орусия Эстониянын элчисинен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды

Орусия Эстониянын Москвадагы элчиси Маргус Лайдреден өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Эстониянын Орусиянын Таллиндеги элчилигинде иштеген кызматкерлердин санын кыскартуу чечимин чыгарганы эске салынды.

Бул чечимдин «достуксуз» кадам экени белгиленген билдирүүдө, Эстониянын Москвадагы элчиси Лайдренин министрликке чакыртылганы айтылды.

Билдирүүдө: «Орусия тарап жооп катары эки өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктү убактылуу ишенимдүү даражага чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Элчиге Эстония өкмөтүнүн мамилесинен улам нааразычылык нотасы берилди. Эстониянын Москвадагы элчиси 2023-жылдын 7-февралына чейин Орусия Федерациясынан чыгып кетиши керек. Орусия менен Эстониянын ортосундагы карым-катнаштарда мындай кырдаалдын болуп жатышына байланыштуу бардык жоопкерчилик эстон тарапка жүктөлөт. Эстония администрациясынын душмандык кадамдарына келечекте да жооп кайтарабыз»,-деп жазылды.

Эстониянын Тышкы иштер министрлиги 11-январда Орусияга өлкөдөгү дипломатиялык кызматкерлердин санын 1-февралга чейин 8ге чейин кыскартууну талап кылган.



Тектеш кабарлар