Орус аскерлери Запорожьеде илгерилеп баратат

Владимир Рогов маалымат берди.

1936319
Орус аскерлери Запорожьеде илгерилеп баратат

Орус аскерлери, бир канча убакыттан бери салгылашуулар токтоп турган Украинанын Запорожье аймагындагы эки кыштакты көздөй жылып баратат.

Орус өкүлү Владимир Рогов өлкөсүнүн Риа агенттигине берген билдирүүсүндө, орус күчтөрүнүн Украинанын көзөмөлүндөгү аймактык борбор Запорожьеден 50 чакырымдай түштүктөгү Орихив жана чыгышындагы Хуляиполь багытында экенин айтты.

Рогов: «Фронт кыймылдуу, өзгөчө эки багытта: Орихов жана Хуляиполь» деп айтып, аталган аймактарда активдүү кагылышуулар болуп жатканын билдирди.

Москва аймактын түштүк бөлүгүндө чоң аймакты көзөмөлдөп турганы менен негизги шаар Запорожье жана анын түндүк бөлүгү орус күчтөрүнүн колуна өтө элек.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган болчу.



Тектеш кабарлар