Кытайда COVID-19дан каза болгондор көбөйдү

Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун (CDC) билдирүүсүнө караганда, 13-19-январь күндөрү вирустан 12 миң 658 адам каза болду.

1936335
Кытайда COVID-19дан каза болгондор көбөйдү

Кытайда салттуу ай календары боюнча жаңы жылды майрамдоого бир жума калганда коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) 12 миң 658 адам каза болду.

Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун (CDC) билдирүүсүнө караганда, 13-19-январь күндөрү вирустан 12 миң 658 адам каза болду.

2022-жылдын 8-декабрынан 2023-жылдын 12-январына чейин өлкөдө Ковид-19 чаралары алынып салынгандан кийин вирустан 59 миң 938 адам каза болгону белгиленди. Ошентип акыркы эпидемиялык толкунда каза болгондордун саны 72 миң 596га жетти.

Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун (CDC) башкы эпидемиологу Ву Зунёу ошондой эле Weibo социалдык тармагында 1.4 миллиард кытай калкынын 80 пайыздан ашыгы зарыл чаралар  алынып салынгандан бери жуктурган деп эсептелгенин билдирди.

Кытай салтында Ай жаңы жылын үй-бүлө менен өткөрүү маанилүү деп эсептелет. Жаңы жыл майрамын камтыган «Жаз майрамы» учурунда миллиондогон адамдар мекенине баруу үчүн өлкө ичинде саякатташат. «Чунюн» деп аталган жаз майрамына арналган саякаттар «дүйнөдөгү эң чоң массалык көчүү» деп аталат.

Транспорт министрлиги быйылкы жылдын 7-январынан 15-февралына чейинки 40 күндүк эс алуу мезгилинде 2,1 миллиард саякат күтүлүп жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар