Швецияга чет өлкөлөрдөн каршы чыгуулар болуп жатат
Ашкере улутчул саясатчы Расмус Палудандын Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Швеция бийлигинин уруксаты менен Курани Каримди урматтабаган аракетине Ислам дүйнөсү катуу реакция жасады.

Ашкере улутчул саясатчы Расмус Палудандын Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Швеция бийлигинин уруксаты менен Курани Каримди урматтабаган аракетине Ислам дүйнөсү катуу реакция жасады.
Пакистандын Тышкы иштер министрлиги бул окуяны «жосунсуз жорук» деп мүнөздөдү.
Билдирүүдө бул сезимсиз жана провокациялык кыймылдын дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллиарддан ашуун мусулмандын диний сезимдерин кемсинткени белгиленип, мындай кыймылдардын мыйзамдуу сөз эркиндигинин алкагында карала албасына көңүл бурулду.
Иорданиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Швецияда тынчтыкта жанаша жашоону коркуткан, зомбулук жана жек көрүүчүлүккө үндөгөн бул кыймылдын кабыл алынбаганы жана айыпталганы белгиленди.
Кувейттин тышкы иштер министри Салим Абдулла ал-Жабер эс-Сабах да бул акцияны айыптап, мындай аракеттер мусулмандарды дүрбөлөңгө салаарын эскертти.
Бириккен Араб Эмирликтеринин Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө провокация айыпталып, диндерди жана ыйык баалуулуктарды кемсинтүү аркылуу жек көрүүчүлүктү тутандыруудан алыс болуу керектиги баса белгиленди.
Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Швеция бийлиги ашкере улутчул бир адамдын Куранды өрттөөгө уруксатын катуу айыптаганы белгиленди.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани да Швецияда Курандын өрттөлүшүн айыптады.
Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Хусейн Ибрахим Таха ашкере улутчул элементтер тарабынан кайра-кайра жасалган бул чагымчыл аракеттердин мусулмандарды жана алардын ыйык баалуулуктарын бутага алганын белгилеп: «Бул исламофобия, кек, жек көрүү, фанатизм жана ксенофобиянын коркунучтуу деңгээлинин дагы бир мисалы»,-деди.
Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Бирлиги да Швеция бийлигинин уруксаты менен Курандын өрттөлүшүн катуу айыптап, Ислам дүйнөсүнүн өкмөттөрүн чечкиндүү позицияда болууга жана Ислам Үммөтүнүн ыйыктыктарын коргоого чакырды.
Эл аралык Демократиялык союз Германиянын Кельн шаарындагы маалымат жыйыны менен жийиркеничтүү акцияга жооп кайтарды.