Швециядагы кыжырданууну пайда кылган иш-аракетке Түркиянын каршы чыгуусу

Ашыкча оңчул Страм Курс партиясынын негиздөөчүсү Расмус Палудан кечээки билдирүүсүндө Швеция полициясы бүгүн акцияга чыгууга уруксат бергенин баса белгиледи.

1936096
Швециядагы кыжырданууну пайда кылган иш-аракетке Түркиянын каршы чыгуусу
paludan.JPG

Ашыкча улутчул даниялык-швециялык саясатчы Расмус Палудан Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында нааразылык жаратуучу аракетин кайталап, Куранды кайрадан өрттөдү. Түркия бул жийиркеничтүү аракетти айыптады.

Ашыкча оңчул Страм Курс партиясынын негиздөөчүсү Расмус Палудан кечээки билдирүүсүндө Швеция полициясы бүгүн акцияга чыгууга уруксат бергенин баса белгиледи.

Палудан Түркия убактысы боюнча саат 15.00дө Стокгольмдогу Түркия элчилигинин алдындагы аймакта Швеция полициясы тарабынан көрүлгөн коопсуздук чараларынын арасында колундагы зажигалка менен узун билдирүү жасады.

Андан соң Палудан Куранды өрттөп, колундагы күйүп жаткан Куран менен түшүндүрмөлөрүн улантты.

Акция учурунда швед полициясынын Палуданга кийлигишпегени байкалды.

Бир тараптан Түркия Палудандын жийиркеничтүү аракетин айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен, «Өлкөбүздүн бардык эскертүүлөрүнө карабастан, бүгүн Швецияда ыйык китебибиз Курани Каримге жасалган жийиркеничтүү кол салууну эң катуу түрдө айыптайбыз»,деген билдирүү жасалды.

Билдирүүдө, «(Швецияда Курани Каримдин өрттөлүшү) Бул жийиркеничтүү иш Европадагы исламофобия, расисттик жана басмырлоочу агымдардын жеткен деңгээлинин дагы бир көрсөткүчү»,делди.

Ошондой эле билдирүүдө, «Биз Швеция бийлигин бул жек көрүүчүлүк кылмышынын аткаруучуларына карата зарыл чараларды көрүүгө жана исламофобияга каршы бардык өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен тилектештикте конкреттүү чараларды көрүүгө чакырабыз»,деп айтылды.



Тектеш кабарлар