Украинанын президенти : "Заманбап танктарга муктажбыз"

Владимир Зеленский : "Жерибизди бошотуу үчүн бизге алыс аралыкка атуучу ракеталар керек».

1935985
Украинанын президенти : "Заманбап танктарга муктажбыз"

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24 - февралдан бери Россияга каршы жүрүп жаткан согушта украин армиясы заманбап танктарга муктаж экенин жана  бул танктарды жеткирүү үчүн күрөшүүсү керектигин билдирди.

Зеленский бөлүшкөн видео кайрылуусу менен кечээ Германиянын Рамштайн авиабазасында өткөн Украинанын коргоо байланыш тобунун жыйынына баа берди.

Рамштайн жолугушуусунда видеоконференция аркылуу кайрылгандыгын эске салган Зеленский : "Бул жабык чөйрөдө болгон талкуу жана ошондой да болушу керек. Рамштайн  жыйыны биздин туруктуулугубузду бекемдейт деп айта алабыз»,- деди.

Шериктештердин Украинаны колдоодо чечкиндүү экенин билдирген Зеленский : "Заманбап танктарды жеткирүү үчүн күрөшүшүбүз керек. Танкалар боюнча чечим кабыл алынышы керектигинин  башка альтернативи жок экендиги  күн сайын ачыкча ортого чыгууда",- деди.

Шериктеш өлкөлөрдүн курал жардамы менен украин армиясынын мүмкүнчүлүктөрү көбөйүп жатканын белгилеген Зеленский, өлкөсүнө жардам бергендердин баарына ыраазычылык билдирди.

Украинага курал жардамын улантуунун чоң мааниге ээ экенине көңүл бурган украин лидери : "Жерибизди бошотуу үчүн бизге алыс аралыкка атуучу ракеталар керек», - деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар