Россияда темир жолу цистерналарында өрт чыкты
Өрттүн келип чыгуу себептери боюнча иликтөө иштери башталды.
1936064

Россиянын Ангарск шаарындагы май куюучу жайда темир жол цистерналарын толтуруу учурунда өрт чыгып, 3 цистерна жараксыз абалга келген.
Россиянын Иркутск облусундагы Ангарск шаарынын өнөр жай аймагындагы мунай куючу жайда темир жол цистерналарына май куюу учурунда өрт чыкты.
Көп өтпөй жалын күчөп, аймактан коюу түтүн көтөрүлдү. Окуя болгон жерге Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин топтору жөнөтүлгөн. Өрт 2 саатка жакын убакыттан кийин көзөмөлгө алынды.
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Иркутск облустук башкармалыгы тарабынан жасалган билдирүүдө 3 темир жол цистернасы толугу менен күйүп, 400 чарчы метр толтуруучу жайдын жараксыз абалга келгени айтылды.
Өрттүн келип чыгуу себептери боюнча иликтөө иштери башталды.