АКШлык сенаторлор Зеленский менен жолугушту

Зеленский АКШнын Киевдеги элчиси Бриджит А.Бринк менен жабык эшик артында өткөн жолугушууда АКШ делегациясына 24 - февралдан бери уланып жаткан Россия - Украина согушундагы окуялар тууралуу маалымат берди

1935984
АКШлык сенаторлор Зеленский менен жолугушту

Украинанын президенти Владимир Зеленский борбор шаар  Киевде Линдси Грэм, Ричард Блументал жана Шелдон Уайтхауздан турган америкалык сенаторлор делегациясы менен жолугушту.

Украина президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Киевде жолугушууларды өткөргөн америкалык сенаторлор Грэм, Блументал жана Уайтхаус Зеленский тарабынан кабыл алынды.

Зеленский АКШнын Киевдеги элчиси Бриджит А.Бринк менен жабык эшик артында өткөн жолугушууда АКШ делегациясына 24 - февралдан бери уланып жаткан Россия - Украина согушундагы окуялар тууралуу маалымат берди.

Украина президенттигинин жетекчилигиндеги жыйында Зеленский сенаторлорго өлкөсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

АКШнын Украинага жаңы курал жардам пакетин жактырганын эске салган Зеленский : "(Курал жардам пакети) бизге керектүү аскердик техника жана ок - дарыларды камтыйт. АКШ бул өтө маанилүү темада лидер",- деди.

Жолугушууда Россияга каршы санкцияларды  жана Украинага аскердик жардамды улантуу сыяктуу маселелер талкууланды.

 

 



Тектеш кабарлар