Мицотакис маалымат берди
Кирякос Мицотакис, Швейцариянын Давос шаарында өткөрүлгөн Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун (WEF) алкагында бир талкууга катышты.

Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис, Түркия менен болгон көйгөйлөрүнө үстөл үстүндө чечим таба аларына ишенгенин, эки өлкөнүн ортосунда согуш ыктымалдуулугун көрбөгөнүн билдирди.
Швейцариянын Давос шаарында өткөрүлгөн Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун (WEF) алкагында бир талкууга катышкан Кирякос Мицотакис, Түркия менен Грециянын ортосунда акыркы үч жылдан бери чыңалуу болуп келе жатканын жана көйгөйлөр үчүн чечүүчү жол табыла аларын айтты.
Мицотакис, журналист Фарид Закариянын «Меис аралына байланыштуу коркунуч барбы жана Түркия менен согушуу керекпи деген суроосуна «Түркия менен согушпайбыз»,-деп жооп берди.
Түркия менен Грециянын ортосундагы негизги көйгөйдүн Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги деңиздик юрисдикция аймактарынын чектелиши экенин жактаган Мицотакис: «Биз Түркия менен чогуу отуруп, негизги маселебизди чече билишибиз керек»,-деди.
Жакынкы келечекте Греция жана Түркияда шайлоолор болооруна көңүл бурган Мицотакис: «Чыңалууну басаңдатуу, орток кызыкчылыкты көздөгөн темалардын үстүндө иштөө жана пикир келишпестиктер болгондо макулдашуунун жолдору бар»,-деп айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен көп жолу сүйлөшкөндөрүн баса белгилеген Кирякос Мицотакис: «Абдан оор күндөрдү баштан өткөрсөк да, президент Эрдоган менен бир чечимге келүү мүмкүн деп ойлобойм»,- деди.
Тектеш кабарлар

Гутерриш: «Келгиле, баарыбыз үчүн суу коопсуздугун камсыздай турган келечекке кадам таштайлы»
Гутерриш БУУнун 2023-жылдагы Cуу конференциясынын жабылыш жыйынында сөз сүйлөдү.