Конго Демократиялык Республикасында кеме чөктү
Жан-Пьер Вангела кеменин жүк жана жаныбарларды ташыганын жана ашыкча жүктүн айынан чөккөндүгүн айтты.
1935665

Конго Демократиялык Республикасынын Лулонга дарыясында бара жаткан кеме чөктү.
Кеме чөккөн Басанкусу шаарындагы жаарндык коом топторунун жетекчиси Жан-Пьер Вангела Конго Демократиялык Республикасынан коңшу Конго Республикасына бараткан кеменин жүк жана жаныбарларды ташыганын жана ашыкча жүктүн айынан чөккөндүгүн айтты.
Вангела кемедеги эң аз 145 кишинин дайынсыз жоголгондугун жана аймак калкынын башка транспорт каражаттары болбогондуктан бул кемелерди колдонууга мажбур болгонун белгиледи. Кемеден ушул кезге чейин 55ке жакын кишинин куткарылгандыгы маалымдалды.