Индия Пакистандын чакырыгына жооп берди
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Багчи малымат берди.

Индиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ариндам Багчи, өлкөсүнүн Пакистан менен коңшулук мамиледе болууну каалап жатканын, бирок "терроризм, зордук-зомбулук жана кастыктан тазаланган жагымдуу чөйрөгө" муктаж экенин айтты.
Индиянын басма сөзүндөгү кабарларга караганда, Багчи апталык маалымат жыйынында Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакырыгына жооп берди.
Багчи өлкөсүнүн Пакистан менен коңшулук мамиледе болушун каалап жатканын, бирок терроризм, зордук-зомбулук жана кастыктан тазаланган жагымдуу чөйрөгө муктаж экенин белгиледи.
Премьер-министр Шариф 12-январда Al Arabiya телеканалына берген маегинде, Индиянын премьер-министри Нарендра Модини бардык маселелерди, анын ичинде Жамму Кашмирди чечүү үчүн эки өлкөнүн ортосунда олуттуу жана чынчыл сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырган.
Индия 2019-жылдын 5-августунда Жамму Кашмирдин өзгөчө статусун жокко чыгарып, аймакты борборго караштуу эки союздук аймакка бөлгөндөн кийин Пакистан бул өлкө менен дипломатиялык мамилесин эң төмөнкү деңгээлге түшүргөн.
Индиянын бул чечиминен кийин Пакистан Индиянын Исламабаддагы элчисин өлкөдөн чыгарып, Делиге жаңы элчин жиберген эмес.
Тектеш кабарлар

Түркия-Орусия жаратылыш газ борборун түзүү долбоору
Песков борбор шаар Москвада актуалдуу темалар тууралуу журналисттерге маалымат берди.