Сомалиде ачарчылык
Сомалиге чукул жардам чакырыгы айтылды.
Сомалиде 8 миллиондон ашык адамдын «кыйратуучу ачарчылыкка» туш болушу мүмкүн экендиги эскертилди.
Эл аралык куткаруу комитетинин (IRC) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Сомалиде жаан-чачындын жетишсиздигинен улам болуп жаткан кургакчылыкка көңүл бурулду.
Билдирүүдө, апрель жана май айларында жаан-чачындын мезгилдик нормадан төмөн болоору болжолдонуп, кеминде 8 миллион кишинин «кыйратуучу ачарчылык» коркунучу алдында турганы баса белгиленди.
Өткөн жылы кургакчылык жана кагылышуулардан улам 1 миллион 700 миң кишинин жер которууга аргасыз болгондугу кабарланган билдирүүдө, Сомалиге чукул жардам чакырыгы айтылды.
Сомали өкмөтү 2021-жылдын 23-ноябрында күчөгөн кургакчылыктан улам өлкө боюнча "өзгөчө абал" жарыялаган.
Сомалинин Президентинин Кургакчылык менен күрөшүү боюнча өкүлү Абдирахман Абдишакур Варсаме кургакчылыктын 7 миллион кишиге терс таасирин тийгизгенин жана 1 миллиондон ашуун кишинин чоң шаарларга көчүшүнө себеп болгонун айткан эле.