Швецияда ирандык эки бир тууган Россияга тыңчылык кылуу менен эркинен ажыратылды

Стокгольм райондук соту Пейман Кианы өмүр бою эркинен ажыратып, «тыңчылык» боюнча соттолуп жаткан Паям Кианы 9 жыл 10 айга эркинен ажыратты.

1935323
Швецияда  ирандык эки  бир тууган  Россияга тыңчылык кылуу менен эркинен ажыратылды

Швецияда Россияга жашыруун маалымат берүү менен айыпталган Швеция жараны Иран тектүү эки бир тууган эркинен ажыратылды.

Стокгольм райондук соту Пейман Кианы өмүр бою эркинен ажыратып, «тыңчылык» боюнча соттолуп жаткан Паям Кианы 9 жыл 10 айга эркинен ажыратты.

Чечимде ирандык бир туугандардын Швециянын коопсуздугуна шек келтирүү үчүн биргелешип орус чалгындоосунун пайдасына маалымат чогулткандары аныкталганы белгиленди.

Башкы прокурор Питер Линдквист 21 – декабрда Россияга жашыруун маалыматтарды бергендиги айтылган   ирандык бир туугандарды өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылган.

Швеция куралдуу күчтөрүнүн тышкы коргонуу боюнча чалгындоо уюмунда кызмат кылган 42 жаштагы Иранда туулган Пейман жана 35 жаштагы бир тууганы Паям Киа 2011 – жыл 28 -  сентябрь жана 2021 -  жыл  20 -  сентябрда Россияга жашыруун маалымат берүү менен айыпталып жаткан.

Пейман Киа 2021 -  жылы сентябрда бир тууганы Паям болсо 2021 -  жылы камакка алынган.

Стокгольм райондук сотунда 2022 - жылдын 16 - ноябрында башталган соттук отурумдары «жашыруундуулук» деген жүйө менен жабык өткөн.



Тектеш кабарлар