Британиялык актёр Жулиан Сэндс дайынсыз жоголду

Британиялык актёр Жулиан Сэндс АКШнын Калифорния штатынын түштүк бөлүгүндө тоодо жүрүп дайынсыз жоголду.

1935010
Британиялык актёр Жулиан Сэндс дайынсыз жоголду

 Британиялык актёр Жулиан Сэндс АКШнын Калифорния штатынын түштүк бөлүгүндө табиятта жүрүшкө чыгып, дайынсыз жоголду.

Сан - Бернардино округунун полициясынын басма сөз катчысы Глория Хуэрта Калифорнияда табиятта жүрүшкө чыккан 65 жаштагы актердун жума күндөн бери табыла электигин  билдирди.

Хуэрта Жулиан Сэндсти табуу үчүн Сан-Габриэль тоолорунун айланасында издөө - куткаруу иштеринин башталганын, бирок изи табылбаганын белгиледи.

Маалымат катчысы Хуэрта аймактагы кар көчкү коркунучу жана рельеф шарттарынан улам кургактыктан издөө иштеринин кээ – кээде  токтогонуна карабастан, тик учак ​​жана учкучсуз учуучу аппараттар менен улантылып жаткандыгын  айтты.

Жетекчилер буга чейин аталган аймакта жүрүшкө чыккан  эки кишинин каза болгондугу тууралуу маалыматты билдиришкен.



Тектеш кабарлар