Британияда иш таштоолор

Британияда жүз миңдеген медайым кечээ 48 сааттык иш таштоо чечимин чыгарган.

1935105
Британияда  иш таштоолор

 Британияда өкмөт профсоюздар талап кылган эки орундуу айлык акыны жогорулатуунун үстүндө иштебегенин билдирди.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Макс Блейн билдирүү жасап, өкмөттүн эмгек акы боюнча талкууларда профсоюздар менен адилеттүү келишимге жетишүүгө аракет кылып жатканын айтты.

Блейн профсоюздардын эки орундуу  айлык акыны жогорулатуу талабын кабыл ала албай тургандыгын жана бул талаптын «инфляцияны туруктуу абалга алып келерин» айтты.

Сындарга карабастан өкмөттүн иш таштоого каршы мыйзамды чыгарууда чечкиндүүлүгү тууралуу суроого Блейн элдин иш таштоо күндөрү керектүү кызматтарды алышы керек деп жооп берди.

Блейн иш таштоолордун улантылышын каалабагандарын жана талаш - тартыштардын токтотулушу керектигин белгиледи.

Британия өкмөтү коомчулукта ачкыч мааниге ээ болгон секторлордун жумушчуларынын иш таштоосун чектеген мыйзам долбоорун парламентке киргизди. Жобонун темир жол, өрт өчүргүч жана тез жардам кызматтарын камтуусу күтүлүүдө.

Профсоюздар негизги мамлекеттик секторлордогу жумушчулардын иш таштоого баруу чечимин чыгарган болсо да минималдуу кызмат көрсөтүү мажбурдуулугун алып келе турган мыйзамды "демократиялык эмес жана мыйзамсыз" деп мүнөздөп жатат.

Британияда мугалимдер, медайымдар, поезд жолу жана тез жардам кызматкерлеринин профсоюздары айлык акыларды жогорулатуу талабы менен февраль жана март айында кайрадан иш таштоого барарын жарыялаган.

Бир тараптан борбор шаары Лондондо  жүздөгөн киши өкмөттүн Улуттук саламаттыкты сактоо системасына карата саясатына нааразычылык билдирүү үчүн чогулду.

Премьер  - министрлик кеңсеси «10 номер» жайгашкан Даунинг проспектисине карай жүргөн активисттер иш таштоого чыккан Улуттук саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлерин колдошту.

Медицина кызматкерлеринин айлык акыларынын жогорулатылышын талап кылган митингчилер өкмөткө медайымдар үчүн адилеттүү түрдө төлөп берүүгө чакырышты.

Британияда жүз миңдеген медайым кечээ 48 сааттык иш таштоо чечимин чыгарган.

RCN профсоюзунун мүчөсү медайымдар өкмөт талап кылынган айлык акыны камсыз кылбагандыктан 55 ооруканада иш ташташкан.



Тектеш кабарлар