Ак үй: "Түркия ишенимдүү шериктеш"
Жан-Пьер, күнүмдүк пресс-конференцияда сөз сүйлөдү.
1934875
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер Түркияны ишенимдүү шериктеш катары көргөндөрүн айтты.
Күнүмдүк пресс-конференцияда сөз сүйлөгөн Жан-Пьер, Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу Түркиянын позициясы тууралуу суроого, бул темада Түркия өкмөтүнүн билдирүү жасашынын туура болоорун айтты.
«Биз Түркияны ишенимдүү шериктеш катары көрөбүз»,- деген Жан-Пьер Финляндия менен Швециянын НАТОго мүмкүн болушунча тезирээк кошулуусун колдой тургандыктарын жана бул жагдайда эки өлкөнүн өкмөттөрү менен мурда да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн эске салды.