Колумбияда жер көчкүдө 2 киши каза болуп, 23 киши жараланды

Өлкөнүн экинчи чоң шаары Меделлинде таасирдүү болгон жамгыр сел жана жер көчкүгө алып келди.

1934299
Колумбияда жер көчкүдө 2 киши каза болуп, 23 киши жараланды

Колумбиянын Антиокия административдик аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон жер көчкүдө 2 киши каза болуп, 23 киши жараланды.

Өлкөнүн экинчи чоң шаары Меделлинде таасирдүү болгон жамгыр сел жана жер көчкүгө алып келди.

Бир нече саат  нөшөрлөп жааган жамгырда селге кабылган  унаадагы 2 адам каза болуп, 23 адам жаракат алды.

Антиокиа кырсыкты башкаруу башкармалыгы Меделлин үчүн кызыл кызыл эскертүү берилгенин жана жаан - чачындын таасири жакынкы күндөрдө дагы күчөшү мүмкүн экенин билдирди.

Түнү менен издөө - куткаруу иштерин жүргүзгөн топтор көп сандаган адамды  чыга албай калган жерлерден куткарды.

 



Тектеш кабарлар