Израиль күчтөрү Наблуста 8 палестиналыкты жаралады
Кырдаалга каршылык көрсөткөн палестиналык жаштар менен Израил күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу чыкты.

Израиль күчтөрүнүн оккупациясындагы Батыш Шерианын түндүгүндө Наблус шаарына жасалган рейд учурунда 8 палестиналык жаракат алды. Көргөн күбөлөрдүн маалыматына караганда еврей отурукташуучуларга карата транспорт мүмкүнчүлүгүнүн берилиши жана диний ритуалдарын аткаруулары үчүн көп сандаганИзраиль аскери эрте менен Наблустун чыгышындагы «Юсуф Макамы» деп билинген аймакта рейд жүргүздү.
Кырдаалга каршылык көрсөткөн палестиналык жаштар менен Израил күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу чыкты.
Израил күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ менен чыныгы жана металл колдонсо, палестиналыктар аскердик унаалар өтө турган жолду тосуп, таш жана бөтөлкө ыргытып, унаа дөңгөлөктөрүн өрттөштү.
Палестина Кызыл Айынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Израиль күчтөрүнүн Наблуска жасаган кол салуусунда 8 палестиналык жараланды.
Мындан тышкары 35 палестиналык көздөн жаш агызуучу газдан жабыркады.