Украина президенттик кеңсесинин кеңешчиси Олексий Арестович  кызматынан кетти

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Арестовичтин сөздөрүн мисал келтирип, кол салууну орус армиясы жасаган деген айыптоолорду четке какты.

1934036
Украина президенттик кеңсесинин кеңешчиси Олексий Арестович   кызматынан кетти

Украина президенттик кеңсесинин кеңешчиси Олексий Арестович  Днепрде бир имратака ракетанын келип түшүшүнүн «Украина абадан коргоо күчтөрүнүн жаңылыштыгынан улам болушу мүмүкн» деген сөздөрүнөн улам кызматынан кеткендигин билдирди.

Телеграм эсебинен : «Арызымды жаздым. Маданияттуу жүрүм - турумдун үлгүсүн көрсөткүм келет. Негизги бир жаңылыштык кыматтан кетүүнү  талап кылат" деп жазган Арестович ошондой эле Днепр шаарынын тургундарынан жана Украина элинен кечирим сурады.

14 - январда Днепр шаарындагы 9 кабаттуу үйгө ракета тийип, 40тан ашуун тургун каза болгон.

Украина чабуулду орус армиясынын жасагандыгын жарыяласа, Россия бул айыптоолорду четке какты.

Арестович  катышкан бир программада Днепрдеги көп кабаттуу үйгө тийген ракета Украинанын абадан коргонуу системасындагы мүчүлүштүктөн улам болушу мүмкүн деген тыянак чыгарган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Арестовичтин сөздөрүн мисал келтирип, кол салууну орус армиясы жасаган деген айыптоолорду четке какты.



Тектеш кабарлар