Орусия аскерлеринин санын көбөйтүүдө

Сергей Шойгу, министрликтин жетекчилери менен өткөргөн жыйында 2023-жылдан 2026-жылга чейин армиянын курамында чоң өзгөрүүлөр болорун белгиледи.

1933902
Орусия аскерлеринин санын көбөйтүүдө

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, армиядагы жоокерлердин санынын 1,5 миллионго көбөйөрүн билдирди.

Сергей Шойгу, министрликтин жетекчилери менен өткөргөн жыйында 2023-жылдан 2026-жылга чейин армиянын курамында чоң өзгөрүүлөр болорун белгиледи.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн курамын кеңейтүү үчүн бардык иш-аракеттердин комплекстүү бир планга айкалыштырылышы жана коргоо өнөр жайынан курал-жарактарды жеткирүү убактысы менен дал келиши керектигин белгилеген Шойгу, Орусиянын президенти Владимир Путиндин аскерлердин санын 1,5 миллионго көбөйтүү чечимин чыгарганын айтты.

Министр Шойгу: «Мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыз кылуу жана Орусия Федерациясынын жаңы аймактары менен маанилүү объектилерин коргоо армиянын негизги структуралык бөлүктөрүн чыңдоо аркылуу гана мүмкүн болот»,-деп баа берди.

Армияда "Москва жана Ленинград" деп аталган 2 жаңы стратегиялык аскердик аймак түзүлөрүн билдирген Шойгу: «Орусия Федерациясынын жаңы аймактарында да өзүн-өзү камсыздоочу бөлүктөр түзүлөт»,- деди.

Путин өткөн жылы кол койгон жарлык менен 2023-жылга карата аскер санын 137 миңге көбөйтүп 1 миллион 150 миң 623кө жеткирген болчу.



Тектеш кабарлар