Калифорнияда сел коркунучу

Калифорниянын Геологиялык Кызматы билдирүү жасады.

1933562
Калифорнияда сел коркунучу

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Калифорния штатында бороон жана нөшөрлөгөн жамгырдан улам каза болгондордун саны 19га жетип, 8 миллион киши жашаган аймакта сел коркунучу уланууда.

Калифорниянын Геологиялык изилдөө кызматынын билдирүүсүндө, булуң аймагы менен бирге штатта 8 миллиондой киши жашаган жерде сел коркунучунун уланып жатканы жана аймактагы аба ырайы окуяларына жакындан байкоо салынганы маалымдалды.

Билдирүүдө 30-декабрдан бери аймакта 400дөн ашуун жер көчкү катталгандыгы белгиленип, тынымсыз жааган жамгырдын ашыкча каныккан жерлерде жаңы ылай сели жана жер көчкүлөрдү жаратышы мүмкүн экендиги айтылды.

Калифорниянын жергиликтүү жетекчилери жана маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, 27-декабрдан бери уланган катуу бороон жана нөшөрлөгөн жамгырдан улам дагы 2 адам каза болуп, жалпы каза тапкандардын саны 19га жетти.

Улуттук аба ырайы кызматынын (NWS) өкүлү Дэвид Лоуренс Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө: «Шейшембиге киргенде штаттын көпчүлүк аймактарында тынч аба ырайы күтүлөт» деп айтып, аптанын аягына чейин жаан-чачындын күтүлбөй турганын кабарлады.



Тектеш кабарлар