Британияда иш таштоолор

Британия жана Уэльстеги медайымдар кымбатчылыкка карата адилеттүү айлык акынын көтөрүлүшүн талап кылуу менен кайрадан иш таштоого барышарын билдиришти.

1933656
Британияда иш таштоолор

Британия жана Уэльстеги медайымдар кымбатчылыкка карата адилеттүү айлык акынын көтөрүлүшүн талап кылуу менен кайрадан иш таштоого барышарын билдиришти.

Жалпы өлкөдө 300 миңден ашуун мүчөсү бар жана медайымдардын  өкүлү болгон  RCN  профсоюзунан берилген маалыматта февраль айында ушул кезге чейинки эң кенен масштабдуу иш таштоонун болору белгиленди.

Профсоюз январь айынын аягына чейин Британия менен Уэльсте сүйлөшүүлөрдө жылыш болбосо, 6-7-февралда иш таштоо болоорун жарыялады.

Британияда медайымдардын 18 - 19 -  январь күндөрү иш таштоого чыгышы күтүлүүдө.

Англияда, Уэльсте жана Тундук Ирландияда 15 жана 20  - декабрда он миңдеген медайым иш таштоого чыгышты.

RCN профсоюзу эмгек акыны 19 процентке жогорулатууну талап кылууда, ал эми өкмөт болсо муну камсыз кылуунун мумкун эмес экендигин айтууда.



Тектеш кабарлар