Индия менен Япония биргелешкен машыгуу өткөрүүдө
Бул эки өлкөнүн ортосундагы биринчи аба машыгуусу болуп саналат.

Япониянын борбор шаары Токионун түндүк-чыгышында япон жана индиялык согуштук учактар тарабынан уюштурулган «Veer Guardian-23» биргелешкен аба машыгуусу башталды.
Бул эки өлкөнүн ортосундагы биринчи аба машыгуусу болуп саналат.
«Veer Guardian-23» деп аталган машыгууда Япониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрүнө таандык 4 даана F-2 жана 4 даана F-15 учагы орун алууда.
Машыгууга Индиянын Аскердик Аба күчтөрүнөн (IAF) 4 даана Су-30MKI, 2 даана С-17 транспорттук жана IL-78 май куюучу учактар катышууда.
Япониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн билдирүүсүндө, машыгуулардын «эки аба күчтөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүүнү арттыруу жана коргонуу кызматташтыгын бекемдөөнү» максат кылганы баса белгиленди.
Токионун түндүк-чыгышындагы Ибаракидеги Хякури базасында өтүп жаткан машыгуу 26-январга чейин уланат.