Днепрге кол салуудан каза болгондордун саны өсүүдө, Орусия аны четке кагууда...

Украинанын Улуттук полициясынын Telegram эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 14-январда орус ракетасынын Днепр шаарындагы 9 кабаттуу үйгө тийгенинен кийин урандылардын астында башталган издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат берилди.

1933323
Днепрге кол салуудан каза болгондордун саны өсүүдө, Орусия аны четке кагууда...

Орус армиясынын Украинанын Днепр шаарына ракеталык кол салуусунда каза болгон жарандардын саны 36га жетти.

Украинанын Улуттук полициясынын Telegram эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 14-январда орус ракетасынын Днепр шаарындагы 9 кабаттуу үйгө тийгенинен кийин урандылардын астында башталган издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат берилди.

Кол салууда 2си бала 36 жарандын каза болгондугу белгиленген билдирүүдө жаралангандардын саны 75ке жеткени, мунун 15и бала экени белгиленди.

Кол салууда жарандардын каза болушуна байланыштуу 3 күндүк аза күтүү жарыяланган Днепрде мүмкүнчүлүгү барлар үй-жайсыздарга жардам берүүнү улантууда.

Шаар калкы да кол салууда каза болгондорду эскерүү үчүн урандылар болгон жерге гүл жана шамдарды калтырышууда.

Бир тараптан Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков Днепр шаарындагы батирге кол салууга байланыштуу айыптоолорду четке кагып: «Орус армиясы турак жайларга же социалдык инфраструктура объектилерине кол салбайт. Украина тараптын айрым өкүлдөрү трагедия абадан коргонуу системасы менен болгон деген тыянактарына да күбө болдуңуздар»,-деди.



Тектеш кабарлар