Тель-Авивде Нетаньяхунун өкмөтүнө каршы нааразылык акциясы...
Израиль полициясынын маалыматына караганда, эки апта катары менен ишемби күндөрү өкмөткө каршы демонстрациялардын сахнасы болгон Тель-Авивдин борборундагы Хабима аянтында өткөн демонстрацияга 80 миңдей израилдик катышты.



Израилдин Тель-Авив шаарында он миңдеген израилдик чогулуп, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнүн «сот системасын алсыратууга» жана ашынган оңчул саясатына каршылык көрсөтүштү.
Израиль полициясынын маалыматына караганда, эки апта катары менен ишемби күндөрү өкмөткө каршы демонстрациялардын сахнасы болгон Тель-Авивдин борборундагы Хабима аянтында өткөн демонстрацияга 80 миңдей израилдик катышты.
Демонстранттар премьер-министр Нетаньяху, анын ашынган оңчул жана расисттик саясаты менен белгилүү болгон өкмөттүк өнөктөштөрүнүн бири, улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир жана каржы министри Безалел Смотрих сыяктуу өкмөт мүчөлөрүнө реакция көрсөтүштү.
Аянтта Нетаньяхуну «күнөөлүү премьер-министр» деп мүнөздөгөн транспаранттарды көтөрүп, Нетаньяхунун отставкага кетүүсүн талап кылган демонстранттар «Израиль диктатура эмес», «Нетаньяху кооптуу, коррупциялашкан жана расист» жана «Бен-Гвир жана Смотрих – булар аппааттын белгиси» деген ураандарды чакырышты.
Оппозициялык саясатчыларды да камтыган демонстрацияларга мурдагы коргоо министри Бенни Ганц да катышты.
Бул жерде чогулгандарга кайрылып, Ганц: «Төңкөрүштүн алдын алуу үчүн парламентте жана көчөлөрдө бардык мыйзамдуу жолдор менен күрөшөбүз»,-деди.
Батыш Кудс жана Хайфа шаарларындагы израилдиктер да аз санда болсо да ушул аптада демонстрацияларга кошулду.
Миңдеген демонстранттар Израилдин Батыш Кудстагы Президенттик резиденциясынын жана премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун расмий резиденциясынын алдына чогулушту.
Израилде жаңы премьер-министр Нетаньяху ашынган диний жөөт жана ашынган улутчул партиялардан турган жаңы өкмөт парламенттен ишеним добушун алып, 29-декабрда кызматка киришкен.
Палестиналыктарга карата басмырлоочу жана расисттик саясаты менен белгилүү өнөктөштөрү бар жаңы коалициялык өкмөт Израилдин саясий тарыхындагы «эң ашынган улутчул» өкмөт катары каралууда.
Тектеш кабарлар

Түркия-Орусия жаратылыш газ борборун түзүү долбоору
Песков борбор шаар Москвада актуалдуу темалар тууралуу журналисттерге маалымат берди.