Грециянын премьер-министринин Батыш Фракияга сапарына каршы чыгуулар

DТТ партиясынын билдирүүсүндө, Мицотакистин Гүмүлжинеде (Комотини) калкка кайрылуусунда Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын учурдагы көйгөйлөрүнө байланыштуу сезилерлик эч кандай сөз колдонбогону белгиленди.

1932799
Грециянын премьер-министринин Батыш Фракияга сапарына каршы чыгуулар

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин Батыш Фракияга жасаган эки күндүк сапары Достук Теңдик Тынчтык партиясынын (DТТ) реакциясын жаратты.

DТТ партиясынын билдирүүсүндө, Мицотакистин Гүмүлжинеде (Комотини) калкка кайрылуусунда Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын учурдагы көйгөйлөрүнө байланыштуу сезилерлик эч кандай сөз колдонбогону белгиленди.

Мицотакистин чындыктар менен бетме-бет келүүдөн качкандыгы жана азчылыктын абалы жөнүндө «кызгылт картина» тарткандыгы жөнүндөгү билдирүүдө, анын азчылыкты да, дүйнөлүк коомдук пикирди да адаштырууга аракеттенүүсүнүн кабыл алынбай тургандыгы баса белгиленди.

Батыш Фракиядагы түрк мусулман азчылыгынын грек жана Европа желеги астында ынтымакта жашоодо эч кандай көйгөйү жок экени белгиленген билдирүүдө төмөнкүлөргө көңүл бурулду: «Азчылыктын көрсөткөн бул чоң чыдамкайлыгы үчүн эч кандай колдоо тала албай, бардык көйгөйлөрүнө көңүл бурулбай жана теңге алынбай калуу көйгөйлөрү бар. Биз болсо премьер-министр сыяктуу европалыктарды биздин аймактагы зулумдуктарды жакындан көрүүгө чакырабыз».



Тектеш кабарлар