Зеленский Соледар жана Бахмут үчүн күрөшүп жаткандарын айтты

Зеленский  Телеграм эсебинен жерыялаган күнүмдүк видео билдирүүсүндө 24 -  февралда башталган Россия  -  Украина согушунун улантылып жаткандыгын эскертти.

1932655
Зеленский Соледар жана Бахмут үчүн күрөшүп жаткандарын айтты

 Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнүн Донецк аймагында айыгышкан кагылышуулар уланып жаткан Соледар жана Бахмут шаарларын орус армиясынан коргоо үчүн күрөшүүнү улантып жаткандарын билдирди.

Зеленский  Телеграм эсебинен жерыялаган күнүмдүк видео билдирүүсүндө 24 -  февралда башталган Россия  -  Украина согушунун улантылып жаткандыгын эскертти.

Зеленский Украинада эки армиянын ортосунда кызуу кагылышуу болгон Донецк жана Луганск облустарындагы шаарлар үчүн күрөшүп жатышканын белгилеп буларды айтты : «Донецк облусу үчүн катуу күрөш уланууда. Бахмут жана Соледар үчүн, Креминна (Луганск облусунда) үчүн өлкөбүздүн чыгышындагы башка шаарлар жана айылдар үчүн күрөш уланууда. Бул багытта душман аскери көп болсо да аскерлерибиз, Украина куралдуу күчтөрү бардык коргонуу жана коопсуздук күчтөрү мамлекетти коргоп жатат».

Бир тараптан Зеленский европалык лидерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү улантып жатканын жана Украинага курал - жарак колдоосун арттыруу үчүн аракетин улантып жатканын белгилеп : «Европанын эркиндиктин маанисин, Европа Биримдигинин бүтүндүгүнүн маанисин Украинасыз элестетүү таптакыр мүмкүн эмес",- деди.

Россиянын  Коргоо министрлиги кечээ Донецктеги Соледар шаарын толугу менен көзөмөлгө алганын жарыялаган.

Украинанын Башкы штабынын Чыгыш тобунун басма сөз катчысы Сергей Череватий мунун туура эмес экенин белгилеп : «Шаарда кагылышуу ​​уланууда»,- деди.



Тектеш кабарлар