Россия Баб жакындарына жайгашууда

Россия Сириянын түндүгүндө террордон тазаланган Баб райондук борборунун түштүгүндө Башар Асад режими  күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү аймакта жайгашуу ишин баштады

1932348
Россия Баб жакындарына жайгашууда

Россия Сириянын түндүгүндө террордон тазаланган Баб райондук борборунун түштүгүндө Башар Асад режими  күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү аймакта жайгашуу ишин баштады.

Россия аскердик оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Баб районунун түштүгүндө орун алган Эбу Жаббар айылына жакын жерде 11 -  январдан бери жайгашуу ишин жүргүзүүдө.  Ушунун негизинде курулуш техникалары белгиленген аянтты курчоого ала баштады.

Асад режиминин күчтөрү тарабынан көзөмөлдөнгөн Эбу Жаббар айылы Баб району жайгашкан фронттун болжол менен 5 километр алыстыкта.

Баб району Түркия тарабынан жүргүзүлгөн «Евфрат калканы» операциясы менен 2017 - жылдын февраль айында террордук уюм ДЕАШтан тазаланган.

2015 - жылдын 30 - сентябрынан бери Сирияга аскердик кийлигишкен орус күчтөрү, режим күчтөрүнө колдоо көрсөтүүдө.

Сирияда миңдеген аскери бар Россиянын колдоосу менен режим күчтөрү Сирия аймагындагы үстөмдүгүн арттырды.

Көбүнчө Асад режиминин көзөмөлүндөгү аймактарда болгон Россиянын Хасеке, Ракка провинциялары менен Халептин Манбиж, Тель-Рыфат жана Айнулараб (Кобани) райондорунда жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК террористтери басып алган аянттарда  көптөгөн базалары жана аскердик пункттары бар.

Сириянын батышындагы Латакия облусунда Хымеймим аба базасы жайгашкан Россиянын Тартус облусунда деңиз базасы бар.

 

 



Тектеш кабарлар