Иранда жаратылыш газ жарылды

Жарылууда 6 киши каза болуп, 4 киши жаракат алды.

1932254
Иранда жаратылыш газ жарылды

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясынын Букан шаарындагы резиденцияда жаратылыш газынын жарылуусунан 6 киши каза болуп, 4 киши жаракат алды.

Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, Букан муниципалитетинин өрт жана коопсуздук кызматтарынын башчысы Ресул Маруфи жаратылыш газ линиясынан келип чыкканы болжолдонгон жарылууга байланыштуу билдирүү жасады.

Өрт өчүрүү кызматкерлеринин бир үй-бүлөдөн экөөсү  бала болгон 6 кишинин жансыз денесин чыгарганын белгилеген Маруфи бирөөсү өрт өчүрүүчү болгон 4 жаралануунун дарыланып жатканын айтты.

Ирандык жетекчилер  урандыларды тазалоо  иштери менен бирге издөө - куткаруу иштеринин уланып жаткандыгын маалымдашты.

Урандылардын астынан башкалардын да табылышы мүмкүн экенин белгилеген жетекчилер каза болгондордун жана жабыркагандардын санынын көбөйүшүнөн тынчсыздангандарын  билдиришти.



Тектеш кабарлар