Жоко Видодо өз өлкөсүндө «буга чейинки адам укуктарынын» одоно бузулушу үчүн кечирим сурады

Бул тууралуу Индонезиянын президенти Жоко Видодо борбор калаа Жакартадагы Президенттик сарайда онлайн режиминде сүйлөгөн сөзүндө айтты.

1931930
Жоко Видодо өз өлкөсүндө «буга чейинки адам укуктарынын» одоно бузулушу үчүн кечирим сурады

Индонезиянын президенти Жоко Видодо өз өлкөсүндө «буга чейинки адам укуктарынын» одоно бузулушу үчүн кечирим сурады.

Жоко Видодо борбор калаа Жакартадагы Президенттик сарайда онлайн режиминде сүйлөгөн сөзүндө: «Мен мамлекет башчысы катары көптөгөн окуяларда адам укуктарынын одоно бузулушу болуп жатканын таза жана реалдуу акыл жана абийир менен кабыл алам»,-деди.

Сөз болуп жаткан мыйзам бузуулар үчүн терең өкүнүчүн билдирген Видодо жапа чеккендер жана алардын үй-бүлөлөрү менен боор ооруганын билдирди.

Видодо 1965-2003-жылдар аралыгында болгон дээрлик 12 окуяны мисал келтирип, өкмөттүк күчтөр тарабынан басылган окуяларда «адам укуктарынын одоно бузулушу» үчүн мамлекеттик деңгээлде кечирим сурады.

1965-жылы генерал Сухарто жетектеген аскердик төңкөрүштөн кийин Индонезия зордук-зомбулук менен репрессияларга, камакка алууларга жана киши өлтүрүүлөргө күбө болгон.

Массалык демонстрациялар 1998-жылы Сухартонун отуз жылдык диктатурасын кулаткан, бирок бул процессте көптөгөн студенттер барымтага алынып, өлтүрүлгөн.

Такталбаган маалыматтарга караганда, 1960-жылдардагы зомбулуктан кеминде 500 миң адам набыт болгон.



Тектеш кабарлар