Сирияда нан кризиси

Сирияда Башар Асад режиминин көзөмөлүндөгү аймактарда тереңдеген күйүүчү май кризисинен улам нан бышыруучу жерлер өндүрүшүн токтотууга аргасыз болду.

1931792
Сирияда нан кризиси

Сирияда Башар Асад режиминин көзөмөлүндөгү аймактарда тереңдеген күйүүчү май кризисинен улам нан бышыруучу жерлер өндүрүшүн токтотууга аргасыз болду.

ПКК/ЙПГ жикчил террор уюмунун басып алган аянттардан Асад режимине мунай сатууну токтотушу нан кризисине себеп болду.

Режимдин көзөмөлүндөгү эл көп жаган  шаарлардын борборлорундагы нан бышыруучу жерлердин  көбү күйүүчү майдын жоктугунан өндүрүшүн токтотту.

Нан бышыруучу жерлердин толугу менен иштей албашы элдин нанга жетишине тоскоол болуп,  жумасына бир күн иштеген айрым нан бышыруучу жерлердин алдында адамдар көпкө кезе күтүшүүдө.  

Күйүүчү май кризиси, кыштын келиши жана ПКК/ЙПГнын басып алган  аянттардан нефть сатууну токтотушунан кийин күчөдү.

Режим бул маселени чечүү үчүн декабрь айында күйүүчү майлардын баасын 20 пайызга көтөргөн.

Режим күнүмдүк 200 миң баррель мунайга муктаж экенин, бирок бул муктаждыктын 10 пайызын гана чыгарган мунай менен камсыздай алганын билдирди.



Тектеш кабарлар