ДССУ Ковид - 19 тууралуу маалыматтарды бөлүшүүгө чакырды

Тедрос Адханом Гебрейесус Ковид – 19  эпидемиясы тууралуу 194 өлкөдөн 53нүн өлүм тууралуу маалымат бербегендигин белгилеп, бардык өлкөлөрдү маалымат берүүгө чакырды.

1931754
ДССУ Ковид  - 19 тууралуу маалыматтарды бөлүшүүгө чакырды

 Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Ковид – 19  эпидемиясы тууралуу 194 өлкөдөн 53нүн өлүм тууралуу маалымат бербегендигин белгилеп, бардык өлкөлөрдү маалымат берүүгө чакырды.

Гебрейесус уюмдун Швейцариянын Женева шаарындагы борборунда өткөрүлгөн пресс  - жыйынында биринчи Ковид  - 19   бейтабынын дүйнө менен бқлүшүлүшүнөн бери 3 жылдын өткөнүн эске салып, бул процессте тесттер жана вакциналардын чыгарылгандыгын айтты.

Омикрон варианты эң жогорку деңгээлге жеткенден кийин бөлүшүлгөн бецтап санында 90 пайыздык төмөндөөнүн болгондугун белгилеген Гебрейесус бейтаптардын санын билдирген өлкө санынын да азайгандыгын белгиледи.

Дүйнөнүн эпидемияга байланыштуу абалы бир жыл мурункуга караганда бир топ  жакшы экенин белгилеген башкы директор : "Февраль айынан бери ДССУ жума сайын билдирген өлүмдөрдүн саны 90 пайызга кыскарды. Бирок сентябрдын ортосунан бери жумалык билдирилген каза болгондордун саны 10 менен 14түн арасында калды. Колубузда буларды алдын алуу үчүн каражаттар бар туруп дүйнө бул өлүмдөрдү кабыл ала албайт", - деди.

Вирустан улам өткөн жумада 11 500 өлүм отчетуунн келгендигин эске салаган Гебрейесус булардын 40 пайызынын Америкада, 30 пайызынын  да Европа менен Батыш Тынч океан аймагында ишке ашкандыгын айтты.

Кытайдагы Ковид  - 19га байланыштуу өлүмдөр тууралуу маалыматтардын толук эместигине көңүл бурулганда бул сандын толук эмес болжол экендигин айткан Гебрейесус каза болгондордун көпчүлүгүнүн улгайган адамдар экендигин белгиледи.

Өлкөлөрдөн алынган маалыматтардын ким жана эмне үчүн өлгөнүн так белгилөө үчүн жетишсиз экенине көңүл бурган Гебрейесус : "194 өлкөнүн ичинен 53ү гана өлүмдөр боюнча маалыматтарды берди. Төртүнчү жылы болуп жаткан эпидемия учурунда бардык өлкөлөрдү маалыматтарды бөлүшүүгө чакырабыз. Канчалык көп маалымат болсо, ошончолук так жыйынтыкты ала алабыз.

Биз бардык өлкөлөрдү  өзгөчө улгайган адамдарды эмдөөгө көңүл бурууга чакырабыз. Бардык  адамдарды зарыл болгон учурда өзүңүздү жана башкаларды коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырабыз",- деди.



Тектеш кабарлар