Байдендин жаңы жашыруун документтери табылганы ырасталууда

Бул тууралуу америкалык NBC News каналында чагылдырылды.

1931830
Байдендин жаңы жашыруун документтери табылганы ырасталууда

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин вице-президенттик мезгилинен калган жаңы «жашыруун документтери» табулганы айтылууда.

Бул тууралуу америкалык NBC News каналында чагылдырылды.

Кабарга караганда, мамлекетке тиешелүү бир катар жашыруун документтер башка жерден табылган.

Документтер Байден 2009-2017-жылдары вице-президент болуп турган мезгилге таандык экени айтылды.

Ак үйдөн жана Юстиция министрлигинен бул дооматтар боюнча эч кандай комментарий болгон жок.

Аптанын башында Байдендин жеке кеңсесинде мурдагы президент Барак Обаманын тушундагы вице-президенттик кызматтан калган мамлекеттик жашыруун документтер табылган.

Ак үй Адилет министрлиги мазмуну ачыкталбаган документтерди текшерип жатканын жарыялады.

Байден кеңсесинде «жашыруун документтерди» тапканына таң калганын айтты.

Буга чейинки президент Дональд Трамп болсо Байденге реакция кылып, Флоридадагы үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү иштерине көңүл буруп: «Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Байдендин үйүнө качан рейдерлик кылат?»-деп сураган эле.

Документтерде Украина, Иран жана Улуу Британия тууралуу чалгындоо жана брифинг маалыматтары бар экени айтылууда.



Тектеш кабарлар