НАТО менен ЕБнин биргелешкен билдирүүсү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Евробиримдик комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана ЕБ кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында өткөрүлгөн аземде биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

1930835
НАТО менен ЕБнин биргелешкен билдирүүсү

НАТО менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосунда кызматташтыкты кийинки баскычка алып чыгуу, Орусия жана Кытайга каршы кызматташтыкты арттыруу жана Украинага колдоо көрсөтүүнү улантуу максатында биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Евробиримдик комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана ЕБ кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында өткөрүлгөн аземде биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

2016 жана 2018-жылдары кол коюлган декларациялардын негизинде даярдалган жаңы текстте НАТО-Европа Биримдиги кызматташтыгынын орток баалуулуктарга негизделгени, бүгүнкү күндө Евро-Атлантика аймагынын акыркы жылдардын эң чоң коркунучу алдында турганы жана Орусиянын Украинадагы согушу эл аралык укукту бузуу болуп саналаары белгиленген.

«Орусиянын согушу Европадагы жана дүйнөдөгү коопсуздукка жана ырааттуулукка доо кетирди»,делген билдирүүдө Орусиянын агрессиясы катуу айыпталды.

НАТО жана Евробиримдик орус бийлигин Украинадан аскерлерин токтоосуз чыгарып кетүүгө чакырып, Украинага колдоо көрсөтүлүп жатканын жана улана берерин баса белгилешти.

Авторитардык актерлордун НАТО менен Евробиримдиктин кызыкчылыктары үчүн сыноо болгону белгиленген билдирүүдө, «Биз стратегиялык атаандаштык күчөгөн мезгилде жашап жатабыз. Кытайдын күчөгөн өжөрлүгү жана саясаты чечишибиз керек болгон кыйынчылыктарды жаратууда»,деген сөздөр орун алды.

Билдирүүдө Европадагы алсыз жана туруксуз абалдын стратегиялык атаандаштар менен террордук уюмдарга ылайыктуу жерди даярдаганы белгиленди.

Мындай мезгилде АКШ менен болгон карым-катнаштын маанисине басым жасалган билдирүүдө Евро-Атлантика аймагында жамааттык коргонуунун негизин НАТОнун түзөөрүнө көңүл бурулуп, «дагы күчтүү Европа коргонуусунун» маанилүүлүгү кабыл алынганы жана бул НАТО менен толукталышы керектиги белгиленди.

Билдирүүдө, «Биз туш болгон коопсуздук коркунучтары жана чакырыктары камтуусу жана масштабы боюнча өнүгүп жаткандыктан, биз узак мөөнөттүү кызматташуубуздун негизинде өнөктөштүгүбүздү кийинки деңгээлге чыгарабыз»,деген сөздөр камтылды.

Кызматташтык күчөй турган тармактар ​​геостратегиялык атаандаштык, туруктуулук маселелери, орчундуу инфраструктураларды коргоо, өсүп жаткан бузуку технологиялар, космос, климаттын өзгөрүшүнүн коопсуздук кесепеттери, чет элдик кийлигишүүлөр жана маалыматтык манипуляциялар болуп саналган.



Тектеш кабарлар