ДССУнун эскертүүсү

ДССУ "XBB.1.5" суб-вариантынын Европада күчөп жатканын билдирди.

1930950
ДССУнун эскертүүсү

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) “XBB.1.5” суб-вариантынын жайылуу ылдамдыгына көңүл буруп бардык өлкөлөрдү, аба жолу менен саякатка чыккан жүргүнчүлөргө беткап кийүүнү сунуштоого чакырды.

ДССУ "XBB.1.5" суб-вариантынын Европада күчөп жатканын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европадагы чукул абал боюнча башкы кызматкери Кэтрин Смолвуд, жүргүнчүлөргө узак аралыкка учуу сыяктуу кооптуу чөйрөлөрдө беткап кийүүнү сунуштоо керектигин айтты.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери, эң жугуштуу Omicronдун суб-варианты болгон XBB.1.5дын, өткөн аптада АКШдагы Ковид-19 учурларынын 27,6 пайызын түзгөнүн жарыялашты.

Аталган субвариант инфекциялардын глобалдык толкунун жаратабы же жокпу азырынча белгисиз.



Тектеш кабарлар