ЖККУ Арменияда машыгуу өткөрбөйт
Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) биргелешкен штабынын басма сөз катчысы Владислав Щегрикович: «Учурда ЖККУнун биргелешкен штабы мындай машыгууну башка мүчө мамлекеттердин аймагында өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда»,-деди.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) биргелешкен штабынын басма сөз катчысы Владислав Щегрикович, уюм быйыл Арменияда эмес, башка мүчө өлкөдө машыгуу өткөрүү боюнча ишти баштаганын билдирди.
Щегрикович: «Учурда ЖККУнун биргелешкен штабы мындай машыгууну башка мүчө мамлекеттердин аймагында өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда»,-деди.
Орусиянын Коргоо министрлиги, ЖККУнун Тынчтык сактоо күчтөрүнүн бөлүктөрү тарабынан быйыл Армениянын аймагында өткөрүлүшү пландалган «Бузулгус бир туугандык-2023» машыгуусуна Орусиянын Кургактык күчтөрүнүн да катыша турганын жарыялаган болчу.
Бирок Армениянын премьер-министри Никол Пашинян: «Армениянын Коргоо министрлиги ЖККУнун башкы кеңсесине биз ушул жагдайда Арменияда машыгуу өткөрүүнү туура эмес деп эсептейбиз деп жазуу түрүндө билдирди. Бул машыгуу Арменияда жок дегенде ушул жылы өткөрүлбөйт»,-деп билдирүү жасаган болчу.
Бул тууралуу Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков да: «Менимче, ЖККУдагы кесиптештерим байланышат. Алар Армениянын позициясынын чоо-жайын такташат»,-деп айтты.
Армениянын кандай болгон күндө да Орусиянын жакын союздашы экенине көңүл бурган Песков : «Учурда абдан татаал темалар менен бирге диалогду улантабыз»,-деди.