Россиядан дан ташыган кемелер Пакистанга барды

Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарларга караганда Россиядан Пакистанга 300 миң тонна буудай ташыган 2 жүк ташуучу кеме Карачи портуна барды.

1930623
Россиядан дан ташыган кемелер Пакистанга барды

Россиядан 300 миң тонна буудай ташыган эки жүк ташуучу кеме Пакистанга жетти.

Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарларга караганда Россиядан Пакистанга 300 миң тонна буудай ташыган эки  жүк ташуучу кеме Карачи портуна барды.

Жетекчилер 30 - мартка чейин Россиядан  400 миң тонна буудайдын дагы Гвадар портуна бара турганын билдирди.

Россиядан алып барылган буудайдын  Пакистандагы ун маселесин  жеңилдетери күтүлүүдө.

Ун баалары  инфляция жана экономикалык абалдын начарлашына байланыштуу өлкө боюнча кымбаттады.

Синде провинциясында 8 -  январда мамлекет арзан баада саткан ундардан алууну каалаган селден жабыркоочулар бири бирин эзип, бир киши каза болуп, көп сандаган киши жаракат алган.

 



Тектеш кабарлар