АКШ израилдик учкучтарга F-35ти колдонууга тыюу салды
Израиль өкмөтү бул боюнча азырынча билдирүү жасай элек.
1930559

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) чет өлкөлүк жарандыгы бар израилдик учкучтарга F-35 согуштук учактарын колдонууга тыюу салганы айтылды.
Израиль басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, АКШнын Коргоо министрлиги менен чалгындоо кызматкерлери, маалымат коопсуздугу жана технологиялык коркунучтан улам Израилдин аба күчтөрүнүн чет өлкөлүк жарандыгы бар учкучтарына F-35 учактарын колдонууга тыюу салды.
АКШнын бул кадамынын АКШ кызыкчылыктарынын корголушу жана маалымат коопсуздугуна көбүрөөк маани берүү менен шартталганы белгиленди.
Израиль өкмөтү бул боюнча азырынча билдирүү жасай элек.