Украина бийлиги Орусиянын кайрылуусун четке какты

Бул тууралуу Украинанын Укринформ маалымат агенттигинде орун алган кабарда айтылган.

1929658
Украина бийлиги Орусиянын кайрылуусун четке какты

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Чыгыш күчтөрүнүн тобунун басма сөз катчысы Сергей Череваты Орусиянын Коргоо министрлигинин «Краматорскка ракеталык чабуулдун натыйжасында 600дөн ашуун украин аскери набыт болду» деген билдирүүсүн четке какты.

Украинанын Укринформ маалымат агенттигинде орун алган кабарга караганда Череваты Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Донецк аймагындагы Краматорск шаарына Орусиянын кол салууларына байланыштуу билдирүүсүнө баа берди.

Орус армиясы жогорку тактыктагы чабуулдарды жасай албай жатканын жүйө келтирген Череваты төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жасады: «Бул маалымат алар биздин бардык ХИМАРСтарды жок кылышкан деген маалымат сыяктуу так. Бул Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку тактыктагы чабуул системалары менен жык толгон кадрлар борборлору, складдар жана логистикаларга ийгиликтүү аракеттерине жооп катары Орусия Федерациясынын Коргоо министрлиги тарабынан уюштурулган маалыматтык операция. Аларда мындай мүмкүнчүлүк жок».

Орусиянын Коргоо министрлиги Краматорскка жасалган ракеталык чабуулда 600дөн ашуун украин аскери каза болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар