Индияда туман транспортту үзгүлтүккө учуратты
Баш калаанын ар кайсы аймактарында 5 күндөн бери абанын температурасы 4 градустан төмөн болуп жатат.
1929947

Индиянын борбор шаары Жаңы Делидеги коюу туман аба жана темир жол каттамдарын үзгүлтүккө учуратты.
Метеорология борбору, баш калаанын ар кайсы аймактарында 5 күндөн бери абанын температурасынын 4 градустан төмөн болуп жатканын билдирди.
Туман жана шамалдын, ошондой эле сууктун таасири менен абанын булганышы «коркунучтуу» деңгээлге жеткен Жаңы Делиде тумандуу аба ырайы өкүм сүрүүдө.
Тумандан улам көрүү аралыгы 25 метрге чейин азайган шаарда 29 поезд каттамы ишке ашпай калды.
Аба ырайынын катаал шарттарынан улам айрым каттамдар ар кайсы шаарларга бурулуп, 50 каттам болсо кечеңдетилди.