АКШ Сириядагы базаларына жаңы куралдарды жөнөттү
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, АКШ күчтөрүнө таандык кошумча күчтөр 6-8-январь күндөрү Ирак-Сирия чек арасындагы аль-Валид чек ара бекети аркылуу Хасекеге кирди.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы Сириядагы жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ басып алган Хасеке провинциясындагы база жана аскердик пункттарга акыркы 3 күндө Ирактын территориясынан 100гө жакын унаадан турган аскердик жана логистикалык кошумча конвойлорду жөнөттү.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, АКШ күчтөрүнө таандык кошумча күчтөр 6-8-январь күндөрү Ирак-Сирия чек арасындагы аль-Валид чек ара бекети аркылуу Хасекеге кирди.
Хасекенин элет жерлеринде жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ басып алган Румейлан, Шеддади жана Тел Бейдер отурукташуу жерлериндеги АКШ күчтөрүнө таандык базаларына жана аскердик пункттарына жеткен 100гө жакын унаа конвойлоруна бронетранспортерлор, мазут ташыган танкерлер жана көп сандаган ок-дарылар жүктөлгөн.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн 2019-жылдын октябрь айында «Тынчтык булагы» операциясынын башталышы менен АКШ, операция болгон аймактагы базаларын эвакуациялоо менен бирге мунай кендеринин айланасында отурукташууга артыкчылык берди.
Жикчил террор уюму ПКК/ЙПГга колдоо көрсөтүүнү уланткан АКШ күчтөрү учурда Сириянын уюмдун басып алуусу астындагы Хасеке, Ракка жана Дейр-эз-Зор облустарындагы көптөгөн база жана аскердик пункттарда турушат.
Вашингтон ПКК/ЙПГ жикчил террористтери басып алган мунай кендеринде жайгашкан аскердик база жана пункттарга тынымсыз кошумча күчтөрдү жөнөтүүдө.