Украина: "Орусия Краматорскка 7 ракета учурду"

Кириленко Telegram эсебинен жасаган билдирүүсүндө, Донецк фронтундагы акыркы абалдарды Украинада Орусияга каршы уланып жаткан согуштун бир бөлүгү катары баалады.

1929581
Украина: "Орусия Краматорскка 7 ракета учурду"

Украинанын Донецк облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Павло Кириленко орус армиясынын Краматорск шаарын 7 ракета менен аткылаганын, кол салууда каза болгондор болбогонун билдирди.

Кириленко Telegram эсебинен жасаган билдирүүсүндө, Донецк фронтундагы акыркы абалдарды Украинада Орусияга каршы уланып жаткан согуштун бир бөлүгү катары баалады.

Орус күчтөрүнүн Донецк аймагындагы Краматорск жана Константиновка шаарларына ракеталык чабуул жасаганын белгилеген Кириленко: "Түн ортосунан кийин душман Краматорскиге 7 жолу, Константиновкага 2 жолу ракеталык чабуул жасады. Краматорскиде билим берүү мекемеси, өнөр жай ишканасы жана гараж, Константиновкада өнөр жай аймагы зыянга учурады. Бактыга жараша, жабыркагандар жок",-деп айтты.

Кириленко орус күчтөрүнүн аймактагы Хорливка шаарына да кол салганын, бир жаран каза болгонун белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлиги Краматорскка жасалган ракеталык чабуулда 600дөн ашуун украин аскери каза болгонун билдирди.



Тектеш кабарлар