Путин Рождестводон улам ок атышпоого чакырды
Кремлден берилген берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Владимир Путиндин Коргоо министрлигине православдык Рождество майрамынан улам "Украинада убактылуу ок атышпоо" боюнча көрсөтмө бергени белгиленди.

Россиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлигине Украинада бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дөн тарта 36 сааттык ок атышпоо режимин ишке ашырууну тапшырды.
Кремлден берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Владимир Путиндин Коргоо министрлигине православдык Рождество майрамынан улам "Украинада убактылуу ок атышпоо" боюнча көрсөтмө бергени белгиленди.
Ок атышпоонун 6 - январь түшкү саат 12:00дөн тарта 36 саатка созулары тууралуу маалымат берилген билдирүүдө : "Кагылышуулар болгон аймактарда көп сандаган православдардын жашагандыгы чындыгына таянып адамдардын Рождестводо диний жөрөлгөлөргө катышуу үчүн ок атышууну токтотууга чакырабыз»,- деп айтылды.
Орус православ чиркөөсүнүн лидери патриарх Кирилл да 6-7-январдагы православдык Рождество майрамында Украинада ок атышууну токтотууга чакырды.
Бир тараптан Украина ок атышпоого баш ийбей турганын билдирди.
Бул тууралуу Украина президенттик аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк соцтармак аркылуу : "Россия оккупацияланган аймактардан чыгып кетиши керек, ошондо гана убактылуу ок атышпоо болот",- деп билдирди.
Подоляк патриарх Кириллдин ок атышпоо чакырыгы да пропаганданын бир элементи экенин айтты.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган.
Тектеш кабарлар

Түркия-Орусия жаратылыш газ борборун түзүү долбоору
Песков борбор шаар Москвада актуалдуу темалар тууралуу журналисттерге маалымат берди.