Германия менен Бельгияда Ковид-19 чечими

Кытайда күчөгөн коронавирус көптөгөн өлкөлөрдү кооптондурууда.

1928711
Германия менен Бельгияда Ковид-19 чечими

Кытайда коронавируска (Ковид-19) чалдыккандардын көбөйгөнүнө байланыштуу Германиянын бул өлкөдөн келген жүргүнчүлөргө тест талабын коё турганы кабарланды.

Германиянын саламаттыкты сактоо министри Карл Лаутербах борбор калаа Берлиндеги билдирүүсүндө, Кытайдан Германияга келген жүргүнчүлөр үчүн «жок дегенде бир тез антиген тести талап кылынарын» жана өлкөгө кирүү эрежесинин кыска убакыттын ичинде ушул багытта өзгөрө турганын айтты. Лаутербах тест талабынан тышкары, вирустун варианттарын көзөмөлдөө үчүн Кытайдан келген жүргүнчүлөрдөн туш келди үлгүлөр алынарын жана бул өлкөдөн келген учактардын саркынды сууларынын да текшерилерин белгиледи.

Бельгиянын өкмөтү да Кытайдан келген жүргүнчүлөргө Ковид-19 тестин тапшыруу милдетин жүктөөнү чечти.

Кытай өткөн айдын башында Ковид-19 чараларын жеңилдеткенден кийин өлкөдө жуктургандардын саны көбөйүп, массалык жайылышынан кооптонгон көптөгөн өлкөлөр Кытайдан келе турган жүргүнчүлөргө карата чараларды көрө тургандарын жарыялашкан.



Тектеш кабарлар