Британиянын The Guardian гезити ханзаада Гарринин китебинен үзүндүлөрдү жарыялады
The Guardian гезити ханзаада Гарринин 10 - январда чыгышы күтүлүп жаткан "Spare" китебинен үзүндүлөрдү жарыялады.
1928705
Британ королдук үй - бүлөсүн таштап, Америка Кошмо Штаттарына жайгашкан Сассекск герцогу ханзаада Гарри агасы Уэльс ханзаадасы Уильямдын өзүнө кол көтөргөндүгүн баяндаган.
Британиянын The Guardian гезити ханзаада Гарринин 10 - январда чыгышы күтүлүп жаткан "Spare" китебинен үзүндүлөрдү жарыялады.
Гарри китепте Меган Марклга үйлөнгөндүктөн мамилеси начарлаган улуу агасы Уэльс ханзаадасы Уильямдын кол көтөргөндүгүн айткан. Гарри бул тууралуу : "Уильям менин жакаман кармап, чынжырымды жулуп алып, мени жерге жыкты",- деп айткан.
Принц Гарри жакында эле үй-бүлөсү менен элдешкиси келгенин билдирген болчу.
Британ басма сөзүнүн айтымында, Гарринин мүмкүнчүлүгү жок.
Принц Гарринин көптөн күткөн “Spare” аттуу китеби 10 - январда чыгат.