Венесуэла АКШ менен карым-катнаштарын нормалдаштырууга даяр
Мадуро АКШ менен эң жогорку деңгээлдеги диалогду каалагандарын баса белгиледи.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро, өлкөсүнө таасир эткен санкцияларга карабастан АКШ менен карым-катнаштарын жөнгө салууга даяр экендиктерин билдирди.
Мамлекеттик телеканалга маалымат берген Николас Мадуро: «Венесуэла АКШнын азыркы бийлиги жана келечектеги жетекчилиги менен дипломатиялык жана саясий мамилелерди нормалдаштыруу боюнча кадамдарды таштоого толук даяр»,-деди.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты сындаган Мадуро, Венесуэлага экстремисттик саясаттар менен сокку урулууга аракет кылынганын айтты.
АКШ менен эң жогорку деңгээлдеги диалогду каалагандарын баса белгилеген Мадуро: «Америка Кошмо Штаттарына жарык нуру келип, бул экстремисттик саясаттан прагматикалык саясатка өтөт деп үмүттөнөм»,-деп айтты.
Бир тараптан Бразилиянын жаңы президенти Луис Инасио Лула да Силванын кызматын өткөрүп алышынан улам Твиттер аркылуу куттуктаган Мадуро: «Досубуз Лула да Силванын Бразилиянын президенти катары кызматка киришүүсүн кубаныч менен куттуктайм. Жаңы өнүгүүнүн толкуну мекенди каптап, Түштүк Американын профсоюздук долбоорлору үчүн геосаясий прогресстин жолун ачууда»,-деди.