Россия Украинада 89 аскеринин каза болгондугун билдирди
Россиянын коргоо министрлиги Украина армиясынын ракеталык кол салуусунда Макеевка жакындарында каза болгон орус аскерлеринин саны 63төн 89га жеткендигин билдирди.

Россиянын коргоо министрлиги Украина армиясынын ракеталык кол салуусунда Макеевка жакындарында каза болгон орус аскерлеринин саны 63төн 89га жеткендигин билдирди.
Минисрликтен берилген маалыматта Украина куралдуу күчтөрүнүн 1 - январда Москва убактысы боюнча саат 00:01де Донецк облусундагы Макеевка отурукташуу жерине жакын жерде орус куралдуу күчтөрү убактылуу жайгашкан жерлердин бирине кол салгандыгы эске салынды.
Америкадан чыккан HIMARS көп ракета аткыч системасынан атылган 6 ракетанын 2сүнүн Россиянын абадан коргонуу системалары тарабынан атылганы эске салынган билдирүүдө 4 ракетанын орус аскердик кызматкерлери жайгашкан имаратка тийгени белгиленди.
Билдирүүдө : «Тилекке каршы, темир - бетон курулуштарынын урандыларында жүргүзүлгөн иликтөөдө каза болгон жолдошторубуздун саны 89га жетти. Каза болгондордун арасында полктун командиринин орун басары, подполковник Бачурин да бар»,- деп билдирилди.
Украина армиясынын Макеевкага ок аткан көп стволдуу ракета аткычтын каршы кол салууда жок кылынгандыгы белгиленген билдирүүдө окуя тууралуу иликтөө комиссиясынын иштеп жаткандыгы айтылды.
Окуянын негизги себебинин тыюу салынгандыгына карабастан уюлдук телефондордун массалык түрдө колдонулушу болгонуна көңүл бурулган билдирүүдө : «Бул фактор душмандын бир ракеталык кол салуусун баштоо үчүн аскердик кызматкер болгон жердин координаттарын аныктоосуна жана табуусуна уруксат берди. Чындыгында буга окшогон трагедиялуу окуялардын болбошу үчүн азыркы учурда керектүү чаралар көрүлүүдө. Териштирүүнүн натыйжасында күнөөлүү жооптуулар жоопко тартылат»,- деген баа берүүгө орун берилди.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык байланыш кеңсесинин билдирүүсүндө Макеевка шаарында казарма катары колдонулган борборго жасалган кол салууда 400гө жакын орус аскеринин шейит болгону белгиленди.